Атлах

Википедия дан

Атлах – орто кылымдардагы Борбордук Азиядагы шаар. Кыргызстандын Талас облусунун аймагынан Түштүк Казакстанга аккан Талас суусунун боюнда жайгашкан. Тараз (мурдагы Олуя-Ата, Жамбыл) шаарына жакын жайгашкан. Тегерете дубал м-н курчалган, мечит, базарлары бар бак-шактуу шаар болгон. Махмуд Кашгари да бул шаарды эскерет. Археолог А.Н.Бернштам бул шаарды азыркы Жоон-Дөбө шаар чалдыбарынын ордунда болгон деп санаган. Атлах шаарынын жанында 751-жылы арап, түрк (анын ичинде карлук) жана кытай аскерлери салгылашып, араптар менен түрктөр жеңишке жетишкен.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1