Атлетика

Атлетика (грек. athlos – жарыш) — цирк искусствосунун бир түрү. 19-кылымдын башталышында цирк оюндары адаттан тыш дене күчүн ж-а шамдагайлыкты көрсөтүүчү номерлерди аткара баштаган. Белгилүү атлеттердин ичинде: И. М. Поддубный, И. М. Заикин, Е. Сандов, И. Графль, В. Моор-Знаменский, Н. Вахтуров, ага-ини И. И. ж-а А. И. Нелипович, Г. И. Новак, В. И. Дикуль бар; 2) күчтүүлүккө, чыдамкайлыкка, тездикке, шамдагайлыкка тарбиялоочу түрдүү дене күч көнүгүүлөрүнүн топтому.
Түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жеңил атлетика — чуркоо, жөө жүрүш, секирүү ж-а ыргытуу;
- Оор атлетика — оордукту (штангалар) мелдешип көтөрүүчү спорт түрү.
Кыргызстанда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1921-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлгөн.
Олимпиялык оюндарда атлетика боюнча байгелүү орундарды ээлеген Кыргыз ССРинин спортсмендери:
Жеңил атлетика: Иванов Л. (1964), Барч О. (1968, 1972), Колпакова Т. (1980), Чернецкий Н. (1980), Сысоева М. (1980).
Оор атлетика: Осмоналиев К. (1980).
Дүйнөлүк чемпионаттарда атлетика боюнча байгелүү орундарды ээлеген. Кыргыз ССРинин спортсмендери:
Оор атлетика: Осмоналиев К.(1978, 1979, 1980, 1981), Ли С. (1981, 1982).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1