Атмосферадагы жылуулук алмашуу

Википедия дан

Атмосферадагы жылуулук алмашуу - атмосферадагы жылуулуктун тик жана горизонталь багыт боюнча алмашуу процесси. Мында абанын жылуу катмарларынан чыккан агым, анын муздак катмарларына карай жылып, абанын кошулуусунан температура өзгөрөт. Бул катмардын температуралык айырмасы канчалык чоң болсо, атмосферадагы жылуулук алмашуу ошончолук тез жүрөт. Күндүн радиациясы, космостон келген жана жерден чыккан жылуулуктар - атмосферадагы жылуулуктун негизги булагы. Атмосферадагы жылуулук алмашуу негизинен турбуленттүүлүктүн жардамы менен атмосферанын жерге чектеш катмарына жылуулуктун өтүшү, күндүн радиациясынын таралышы, суунун бууга айланышы жана атмосферадагы суу буусунун конденсацияланышы менен сублимацияланышынан бөлүнүп чыккан жылуулуктун натыйжасында болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1