Радиация
Бул макаланын мазмунун «Иондоштуруучу нурлануу» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
Радиация ядролук жарылуу зонасынан ядролук реакция жана радиоактивдүү бөлүнүү мезгилинде бөлүнгөн гамма-нурлануу жана нейтрон бөлүкчөлөрүнөн турат. Гамма-нурлануу жана нейтрон агымы жарылуу кубатына жараша чөйрөгө өтүп, алардын атомдорун жана молекулаларын иондоштуруу менен жүздөгөн жана миңдеген мге чейин таралат. Радиациянын дозасы атайын приборлор менен өлчөнөт. Гамманурлануу жана нейтрондор тирүү тканга өтүп, биологиялык процесстерди, организмдин орган жана системаларынын физиологиялык функциясын бузуп, нур оорусун пайда кылат. Андан коргонууда калканч жай, сыйынт-коргонч жайларга кирүү керек. Нурга чалдыгуу алдында нур оорусун алдын алуу үчүн жеке аптечкадагы I радиациялык коргонуу каражаты колдонулат.
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8