Иондоштуруучу нурлануу
Бул макалага Радиация макаласынын мазмунун көчүрүп, ал жактан багыттама коюу керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. |

Иондоштуруучу нурлануу – чөйрө менен өз ара аракеттешүүдө чөйрөнүн атому менен молекуласын иондоочу бөлүкчөнүн жана электр-магниттик кванттардын агымы. Рентген жана ү-нурлануусу, а-бөлүкчөлөрдүн агымы, электрон, позитрон, протон, нейтрондор иондоштуруучу нурланууга кирет. Заряддалган бөлүкчө чөйрөнү анын атому жана молекуласы менен кагылышып иондоштурат. Бөлүнгөн электрон жетишерлик энергияга ээ болсо, ал да чөйрөнү иондоштурат. Тез нейтрондор учурундагы иондоштуруу, кайтарылып берилген ядролор же нейтрондордун чөйрө менен өз ара аракеттешүүсүндө пайда болгон башка бөлүкчөлөр менен шартталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5