Атмосфералык аэрозоль

Википедия дан

Атмосфералык аэрозольатмосферадагы көзгө оңой менен илээшпеген майда нерселердин (дисперсияланган бүркүндүлөрдүн) абада же газда чаңгыттап турушу. Алардын өлчөмү 10-1 - 105 кмден (катуу) -102 - 10б (суюк) нмге чейин. Атмосфералык аэрозолго – жанар тоо чаңы жана күлү, токой өртүнөн пайда болгон түтүн, топурак жана космос чаңдары, туссуз жана деңиз сууларынын тамчылары кирет. Табигый жол менен атмосферага өсүмдүктөрдүн споралары жана чаңчалары, микроорганизмдер, органикалык ажыроо продуктулары кошулат. Алар атмосфералык аэрозолдордун өзөгүн түзөт. Антропогендик таасирден пайда болгон атмосфералык аэрозолдорго отун жаккандан жана өнөр жайдан чыккан калдык заттар, ошондой эле айдоо жерлерден шамал аркылуу көтөрүлгөн топурактын майда бөлүкчөлөрү кирет. Конденсациялык атмосфералык аэрозолдордун өзөгүн суунун конденсациясынан пайда болгон булуттар менен тумандар түзөт. Булут түрүндөгү атмосфералык аэрозолдор суунун айланышында мааниси зор; алар суунун табиятта айланышын жана температуралык режимин жөнгө салып турат. Радиоактивдүү атмосфералык аэрозолдор (ядролук курал жардыруудан, радиоактивдүү материалдарды кайра иштеткенден пайда болгон), чаң куюндары, жанар тоо чаңы м-н күлү, смог жаратылышка коркунуч туудурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1