Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик

Википедия дан

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (АЭЭА) — 1955-жылы негизделген, БУУ менен макулдашуунун негизинде БУУнун жалпы тутумуна кирген (1956-жылы) өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелет.

АЭЭАнын ыйгарым укуктары: дүйнөдө атом кубатынын жарандык максатта колдонулушун изилдөөнү, өнүктүрүүнү, иш жүзүндө пайдаланууну жактыруу жана колдоо; өз мүчөлөрүнүн каалоосу боюнча өзара кызмат-ташуусу менен материалдык жабдылуусуна ортомчулук кылуу; атом энергиясын тынчтык максатында колдонулуусун өнүктүрүү максатында материалдар, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу; атом энергиясын тынчтык максатында пайдалануу чөйрөсүндөгү илимий-техникалык маалыматтардын алмашуусуна колдоо көрсөтүү; ядролук материалдардын согуш максатында колдонулушуна бөгөт коюу; бул маселелер боюнча жоопкер болгон БУУ тутумунда турган органдар жана институттар менен бирдикте саламаттык сактоо жана коопсуздук тармагынын ченемдерин аныктоо.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7