Атоочтук түрмөк

Википедия дан

Атоочтук түрмөк — өз ара тизмектешкен бир нече сөз мааниси жана грамматикалык жактан атоочтукка баш ийип, аны менен бекем байланышта тутумдашкан синтаксистик ажырагыс бирдиктүү тизмек. Атоочтук түрмөктүн тутумундагы сөздөр маанилик жана грамматикалык жактан атоочтукка багыныңкы абалда туруп, аны менен бир бүтүндүктө ажырагыс тизмектешкендиктен, алар сүйлөмдүн синтаксистик бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарышат, башкача айтканда структуралык жактан атоочтук түрмөк делип, синтаксистик жактан жайылма мүчө боло алат (мисалы, Кыздын кыя басканы - кылыктана сөз айтканы. Кулак угуп, көз көрбөс жерлер да бар).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1