Атразин

Википедия дан

Атразин8Н14 N5C1 - ак кристалл түрүндөгү гербицид. Сууда начар эрийт, көпкө сакталат. Негизинен жүгөрү, таруу айдоо талааларында, жүзүмзарда, алма, алмурут багында отоо чөптөрдү жок кылуу үчүн колдонулат. Атразин топуракта жай ажырайт. Жазында гектарына 2 кг атразин чачылган жүгөрү же таруу эгилген талааны терең айдап, ага күздүк эгин, кийинки жылы жаздык эгин, буурчак сепсе, тамеки, картошка тиксе болот, бирок кызылча, уй беде себүүгө болбойт. Бир га жерге 2 кгдан көп чачылса күздүк себүүгө жарабайт, кийинки жылы жүгөрү, картошка жана беде гана эгүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1