Атрек

Википедия дан

Атрек - Иран менен Түркмөнстандагы дарыя (айрым жери Иран менен Түркмөнстандын чегарасы аркылуу агат). Узундугу 669 км, алабынын аянты (тоолуу бөлүгү) 27,3 миң км2. Копетдагдан (Иран) башталып, Каспий деңизине (суу кирген мезгилде гана) куят. Негизги куймасы - Сумбар (оң). Суусунун орточо чыгымы Кызыл-Атрек шаарчасынын тушунда 9,2 мъ/сек. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1