Атропин

Википедия дан

Атропин - ит жүзүмдөр тукумундагы өсүмдүктөрдөн (меңдубана, адырашман, чочко жаңгак, белладонна) алынуучу алкалоид. Атропиндин күкүрт, күкүрт кычкыл туздарынын суудагы эритмелери медицинада жараат, ичеги, өт жолдорунун ооруларына, бронх астмасында, көздү текшерүүдө каректи чоңойтуу үчүн жана морфин, ацетилхолин жана башкалар менен уукканда колдонулат. Атропин менен ууланганда, көздүн кареги чоңоюп, тамырдын кагышы ылдамдайт. Бул учурда ууккан адамга алгачкы жардам көрсөтүү (ашказанга суу же активдүү көмүр кошулган суу жүгүртүү) керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1