Атрофия

Википедия дан

Атрофия (лат. atrophia байыркы грек тилинен ἀτροφία — тамактын жоктугу, ачка болуу) - кишинин айрым организмдеринин же ткандарынын көлөмүнүн кичирейиши (жукарышы) жана алардын функциясынын бузулушу же биротоло токтошу. Ар кандай себептерден болот. Ал организмде ассимиляцияга караганда диссимиляция процессинин басымдуу болушунан келип чыгат.

Атрофиянын физиологиялык, патологиялык, жалпы жана жергиликтүү түрү болот.

Физиологиялык атрофия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физиологиялык атрофия жаш улгайганда болуучу организмдеги өзгөрүүлөргө байланыштуу; улгайган сайын баш мээ менен ички органдардын, жыныс бездеринин, сөөктөрдүн кичирейиши, теринин жукарышы жана башка кирет.

Жалпы атрофия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Патология жалпы атрофия организм жетишсиз тамактанганда, узакка созулган оор жугуштуу ооруларда же ууланууда, борбордук нерв системасы менен ички бездердин иштешинин бузулушунда жана башка байкалат. Органдарга же ткандарга кандын такай жетишсиз барышы, полиомиелит (шал) оорусу, буту-колдун узакка кыймылсыз абалда болушу жана башка жергиликтүү атрофияга алып келет. Кандайдыр бир органдын атрофиясы анын функциясынын бузулушу менен байланыштуу (бөйрөктүн атрофиясында ал заара бөлүп чыгарбайт, көрүү нервинин атрофиясында сокур болуп калат жана башка).

Патологиялык атрофия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Патологиялык атрофиянын себептерин ачып, өз убагында дарыласа жабыркаган органдар жана ткандар мурунку калыбына келиши ыктымал. Өтүшүп кетсе дарылоо натыйжасыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1