Аттила

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Аттилла

Аттила (Адил хан, т.ж. белгисиз–453) - Борбордук Азиядан Европага чейинки аймакты басып алган хунн уруулар союзунун колбашчысы, Мундцуктун уулу. Аны европалыктар «Кудайдын каары, ааламдын токмогу» деп аташкан. 433-жылы Ругилас өлгөндөн кийин бир тууганы Бледа менен бирдикте хунндарды башкарат. 445-жылы Бледаны өлтүрүп, жеке өзү колбашчы болуп калат. Сармат жана герман урууларын баш ийдирип, өз өлкөсүнүн аймагын зор өлчөмгө кеңейтет. Аттила остготтордун, гепиддердин, тюрингдердин, герулдардын, ругилердин жана хазарлардын күчтүү союзун түзөт. Аттила алгач Чыгыш Рим империясына өзгөчө коркунуч туудуруп, император Феодосий II ни зор өлчөмдөгү салык төлөөгө мажбурлаган жана төмөнкү Дунайдын оң жак жээгин бүт бойдон өзүнө баш ийдирип алган. Мидияны, Фракияны ээлеп, Константинополдун чет жакаларына чейин чабуул коюп турган. 450-жылы Батыш Рим императору Валентиан III карындашы Гонорияны бербей койгондугуна ызаланып, 500 миң жоокери менен Рейн дарыясына чейинки аймакты ээлейт. Трир, Мец, Аррес, Орлеан шаарларын курчоого алып, жоокерлерин Каталаун түздүгүнө Труа шаарына жакын жерге жайгаштырат. Ушул жерде 451-жылы күзүндө эбегейсиз зор кагылышуу болот. Хунндардын 2 жолку чабуулунун мизи кайтарылат. Аттила жоокерлерин Вагенбург чыңдоосуна жайгаштырат. Бул салгылашууда 200 миңден ашык жоокер курман болот. Кийинки жылы Аттила жаңы согушка аттанат. Чыгыш Альп аркылуу Италияга өтүп, Аквилеяны, Альтинумду, Пазуяны, Миланды өз карамагына кошот. Бүткүл Италияга коркунуч туулат. Бирок Аттила күтүлбөгөн жерден жеңиштүү жүрүшүн токтотуп, сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирет. Аттила Паннонияга кайтып келип, 453-жылы бургундиялык Ильдико менен никелешкен түнү каза болот. Аттиланын катуу соккудан же өз эли үчүн өч алгысы келген Ильдиконун колунан ажал тапкандыгы жөнүндө божомолдор бар. Аттила өлгөндөн кийин хунн падышачылыгы тараган, анын образы кийин легендага айланып кеткен.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1