Аттокуров Сабыр

Википедия дан

Аттокуров Сабыр (8. 4. 1932, Нарын облусу, Жумгал району, Лама айылы - 2. 1. 2005, Бишкек) - тарых илимдеринин доктору (1969), профессор (1971). КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери (2000). 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн. 1956-жылдан КМУнун тарых факультетинде окутуучу, доцент, факультеттин деканы, кафедра башчысы, профессор. 1986-жылдан КРнын УИАнын Тарых институтунда жетектөөчү илимий кызматкер, 1993-жылдан бөлүм башчы болуп иштеген. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 10 монографиянын автору. Эмгектери негизинен Кыргызстандын өнөр жайын, ошондой эле кыргыз элинин этнографиясын изилдөөгө арналган. Анын «Тайлак баатыр» (1994), «Тагай бий» (1994), «Кыргыз санжырасы» (1995), «Кыргыз этнографиясынын тарыхнаамасы» (1996) жана башка китептери жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1