Атчандар армиясы

Википедия дан

Атчандар армиясы - граждандык согуш мезгилиндеги (1917-22) Кызыл Армиянын кавалериясынын оперативдүү эң ири бирикмелери. 1- атчандар армиясы (1919-жыл ноябрь - 1923-жыл октябрь, командачысы С. М. Будённый) 1919-20-жылы А. И. Деникиндин, П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы операцияларга, советтик-польшалык согуштарга катышкан. 1- атчандар армиясынын катарында кийин көрүнүктүү советтик аскер башчылары болгон С. К. Тимошенко, А. В. Хрулев, О. И. Городовиков, И. В. Тюленев, И. Х. Баграмян, К. С. Москаленко, А. А. Гречко кызмат кылган; 2- атчандар армиясы (1920-жыл, июль - декабрь, командачысы О. И. Городовиков, кийинчерээк Ф. К. Миронов) Врангелдин аскерлерине каршы согушкан. Атчандар армиясы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде да массалык баатырлык көрсөткөн, ага «Гвардия» деген наам берилген. Армиянын татаал согуш техникасы менен жабдылышы атчандар армиясынын жоюлушун шарттады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1