Атыргүл

Википедия дан

Атыргүл, лола, роза (Rоsа) - роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Жалбырагы күбүлмө же дайыма жашыл, бадал, чанда чырмалып өсүүчү лиана. Өркүнү майда тикендүү. Жупсуз жалбырагы канат сымал. Гүлү (жазылыгы 2 - 15 см) жөнөкөй же тармал, жагымдуу жыты бар; кызыл, ачык кызыл, ак, сары, кызгылтым, көгүлтүр түстө, жалгыздан жайгашат же чатырча-шыпыргы сымал топгүлдүү. Мөмөсү - жалгыз уруктуу жаңгакча. Анын 400дөй жапайы түрү (ит мурундар) белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 200дөн ашуун түрү белгилүү. Курт-кумурскалар аркылуу чаңдашып, мөмөсү канаттуулар жана башка жаныбарлар менен таралат. Ал тез өзгөргүчтүгү менен айырмаланып, гибриддештирүү жана тандоо менен бакта өстүрүлүүчү атыргүлдүн көп түрү алынган. Анын Кытай (кытай атыргүлү), Кичи Азия (галл атыргүлү), Афганстан, Ирак, Армения (сары атыргүл), Ыраакы Чыгыш, Японияда (көп гүлдүү атыргүл жана башкалар) өсүүчү жапайы көп түрү азыр колдо өстүрүлөт. Кооздук үчүн өстүрүлүүчүлөрү (25 миңдей түрү) 3 топко бөлүнөт. Жылына бир жолу жаздан баштап кеч күзгө чейин гүлдөйт. Бул топко паркта өстүрүлүүчү атыргүл дөр (ламберт, вихурайану гибриди, кордези, голл жана башкалар) кирет. Дайыма жашыл түрү тез өсүп, көпкө гүлдөйт. Буларга бакта өстүрүлүүчү атыргүлдөр (наузету, бурбон, чай, чай-гибрид, полианту, лолианту-гибрид жана башкалар) кирет. Лиана түрүнүн өркүнү 10-12 мге жетип, жай мезгилинде бир жолу гүлдөйт. Лианаларга көп гүлдүү жана вихурайану атыргүлү кирет. Кооздук үчүн көбүнчө чай-гибрид (гүлү чоң, тармал, жыты жагымдуу) жана флорибунда (көпкө гүлдөйт) атыргүлдөрү өстүрүлөт. Анын айрым түрлөрүнү (француз атыргүлү жана башка) гүл желекчесинен жыттуу эфир майы (роза майы) алынат. Кээ бир түрүнүн жалбырактарынан кыям жасалат, жалган мөмөсүндө аскорбин кислотасы көп болгондуктан, витамин жасоодо пайдаланылат. Розадан боёгуч жана ийлегич заттар да алынат. Илдеттери: чаңгыл кебер, бозчирик жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1