Ат-Башы капчыгайы

Википедия дан

Ат-Башы капчыгайы - Ат-Башы өрөөнүнүн түндүк батышындагы Кошойдун Кара тоосунунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Абсолюттук бийиктиги 1860–1900 м. Узундугу 6 км, туурасы 20–150 м. Капталдары бийик (200–400м), кууш жана тик (50–60°). Капчыгайдын түштүк бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп. Түндүк тарабы кууш. Ал аркылуу Ат-Башы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллдуу чулу тоо тектеринен турат, түштүк бөлүгүндө палеоген менен еогенд инконгломерат жана кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Капчыгайда Ат-Башы ГЭСи (40 миң кВтс) курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]