Ат-Башы көтөрүлүшү

Википедия дан

Ат-Башы көтөрүлүшү – 1931-ж. Ат-Башы районунда болгон элдин нааразылык козголоңу. Негизинен Ат-Башыдагы черик уруусунун акчубак тукумундагылар катышкан. Ошол мезгилде айрым чек арачылардын элге жасаган шовинисттик мамилелерине, совет бийлигинин кулакка тартуу, мал-мүлктү ортолоштуруу саясатына нааразы болушкан жергиликтүүлөр Акбейит сакчылар пунктунун (застава) начальнигин өлтүрүшкөн (эстелиги азыр да Ат-Башы айылында), Чеч-Дөбөдөгү сакчылар пунктуна кол салууга аракеттенишкен (союл, камчы, кетмен, күрөк, шылкетме м-н куралданышкан). Чек арачылар замбирек м-н тоону карай бир-эки жолу атканда эле алар кайра качышкан. Чек арачылар артынан түшүп, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз кырган, айрымдары Кытайга кире качып кутулушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1