Ат-Башы суу сактагычы
Көрүнүш
Ат-Башы, суу сактагыч — Нарын районунда. Нарындын сол куймасы Ат-Башы суусунун нугунда курулган. Суунун чатынан гидротүйүнгө чейинки узундугу 4,6 км. Энергетикада пайдаланылат; суу агымын жума сайын жөнгө салып турат.
1970-жылдан убактылуу, 1974-жылдан биротоло иштей баштаган. Узундугу 7 км, эң жазы жери 230м, эң терең жери 42м, суу толгондогу аянты 0,457км. Суунун запасы 9,6млн м. Плотинасынын эң бийик жери 79м, узундугу 55м. Суунун жерге сиңип кетүүдөн сактоо максатында таманына бүт полиэтилен пленкасы (калың дыгы 0,6мм), төшөлгөн.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
- Агымдан макала мисалга Archived 2016-03-07 at the Wayback Machine
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Эркин-Тоо гезити, "Кыргызстанда канча ГЭС бар?"(жеткиликсиз шилтеме)