Ат-Башы сымап кендеринин тобу

Википедия дан

Ат-Башы сымап кендеринин тобу Нарын облусунун Ат-Башы р-нуда, Жеңичке жана Ташрабат өрөөндөрүнүн аралыгында, Ат-Башы– Эңилчек жаракасын бойлой жайгашкан. Аймактын түндүк-батышындагы соңку силурдун акиташ тектеринде бир нече мономинералдуу сымап кендери, ортоңку бөлүгүндөгү серпентиниттешкен листивениттерде сымап-сурьмалуу рудалар, түндүк-чыгышындагы девондун кумдуктарында сымаптын майда кендери кеңири таралган. Алардын маанилүүсү – Шырыкты, Башкелте, Ташрабат, Акбейит, Коргонташ ж. б. Руда майда жаракаларда төмөнкү температурадагы гидротермден пайда болгон. Негизги минералдары: киноварь, метациннабарит. Киноварь линза, уя, нокот түрүндө. Айрым кендерде киновардан башка антимонит минералы да кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]