Ат-Башы (топоним)

Википедия дан

Ат-Башы (топоним) - жердин, суунун, айрыкча сепилдин аты катары 9-10-кылымдан белгилүү.

Ал “Улуу жибек жолунун” Ферганадан Кашкарга жана Ысык-Көлдүн тескейиндеги Барскан шаарына кеткен соода жолунун боюнда орношкон. Караханийлер, моңгол жана Моголстан доорунда Ат-Башы өрөөнүндө көп тарыхый окуялар болуп өткөн. “Манас” эпосунда кыргыздардын эзелки мекени катары көп айтылат. Сейф ад-Дин Ахсикентинин “Мажму ат-таварих” аттуу эмгегинде да Манас баатыр менен калмактардын ортосундагы согуштарда А. көп жолу кездешет. Ошондой эле к. Ат-Башы өрөөнү, Атбаш макалаларын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2