Ат-Жайлоо калай кени

Википедия дан

Ат-Жайлоо калай кени - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Эңилчек кыштагынын түштүк-чыгыш тарабында, Эңилчек жана Кайыңды өрөөндөрүнүн аралыгында. 1961-ж. табылган. Кен аймагын силур мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ, сланец тектери жана аларды жиреп чыккан пермдин интрузия тектери түзөт. Чөкмө тектер метаморфизмделген мрамор менен роговикке айланган.

Руда негизинен интрузиянын экзо- жана эндоконтактыларындагы карбонаттуу тоотектерде топтолгон. Ал граниттин апофизин бойлой тарам, уя, линза түрүндө жатат. Айрым тарамдардын узундугу 40–140 м, калыңдыгы 1,8–3,8 м. Минералдык курамы боюнча кварц-турмалиндүү, молибдендүү, касситерит-сейрек металлдуу, касситерит-вольфрамиттүү. Кенде 60тай минерал кездешип, алардын негизгиси: касситерит, вольфрамит, халькопирит ж. б. Рудадагы калайдын орточо өлчөмү 0,5–1,5%. Андан башка флюорит – 52,5%, күмүш – 18,5 г/т, висмут – 0,026% кездешет. Руданын эсептелген запасы С2 категориясы боюнча 974,5 миң т, калай металлыныкы 113 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1