Ат кара тил болгондо
Ат кара тил болгондо — жай келип, жылкы көккө тоё баштаган мезгил. «Манаста»: «Кечээ эл өөдөгө тартарда, Ат кара тил мезгилде» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2.72). «Ат кара тил болгондо, Тогуз айга толгондо, Бээжинден чалгын чаларбыз» (Сагымбай Орозбаков, 4.109),— деп сүрөттөлгөндөй көп кездешет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|