Ат коюу
Ат коюу – наристеге ысым берүү каадасы. Ыйгарылган ысым дүйнөгө жаңы келген наристенин өз ата-энесинен, коомунан алган эң алгачкы белеги. Ошондуктан ат тандоо ата-эненин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ыйык парзы. Кыргыз турмушунда ат коюунун белгилүү убактысы болгон эмес, ал төрөлгөн күнү, 1-2 айдан кийин деле коюла берген. Ат коюуну атасы ошол жердеги аксакал, кадыр-барктуу, атактуулардын бирине тапшырган, ал адам баланын ысмын атаган. Азанчы коюла турган атты наристенин кулагына шыбырап, андан кийин азан чакырып, ысым берген. Наристеге ат коюу үчүн чакырылган адамга сый көрсөтүп, үстүнө чапан жапкан. Ат коюучу адегенде наристени бир сыйра карап, денесиндеги мүнөздүү белгилерди байкап, ошого жараша ат тандаган.
Ат коюу кыргыз үй-бүлөсүндө жооптуу иш болуп, магиялык маанидеги идеологиялык көз караштар менен тыгыз байланышкан. Ат коюучу адегенде наристени бир сыйра карап, денесиндеги мүнөздүү белгилерди байкап, ошого жараша ат тандаган. Мисалы, калдуу болсо Калмырза, Калык, Калыбек, анарлуу болсо Анара, Анаркан ж. б; коюу каштуу болсо Каракаш ж. б. Аптанын кайсы күнүндө төрөлсө Дүйшө, Шейшекан, Шаршен, Бейше, Жумабек, Ишемкул, Жекшенбай ж. б.; Совет заманында Марлен, Ильичбек, Мелис, Индира сыяктуу ысымдар; кыздар көп төрөлсө эркек төрөлсүн деп Бурул, Жаңыл; баласыз болуп жүрсө: Тилек, Сагынбек; атасы улгайган киши болсо Карыбек, Эрмек, Жетимиш, Сексенаалы, Токсонбай; эгиз төрөлсө уйкаштырып, Асан-Үсөн, Үсейин-Кусейин, Апал-Үпөл же Асан-Үпөл; ата-эне жакшылыкка күбө болсо Акжолтой ж. б. Балдары токтобой жаткан үй-бүлө болсо Турдубек, Токтосун; кыздар көп төрөлсө эркек төрөлсүн деп Бурулсун, Бурул, Уулкелди, Жаңыл жана башка; көз тийбесин деп Итибай, Итэмген, Бокбасар, Кулкөтөн жана башка аттарды коюшкан. Бала токтобогон үй-бүлөдө кезектеги наристе төрөлөөр замат журт которгон; баланы эски журтта ырымдап таштап кайра алганда Таштанды, Салбар, Табылды сыяктуу аттар менен аташкан.
Балалуу болгондугу тууралуу кабарды укканда атасынын көзүнө кайсы буюм биринчи көрүнсө ошонун атында коюшкан. Мисалы, Камчыбек, Балтабай; төрөттүн үстүнөн чыккан коноктун атынан, башка уруктун айылында төрөп калса ошол уруктун же уруунун атынан, той-тамашаларда төрөлсө ошолордун атынан да коюшкан.
Эркек балага кыздын, кызга эркектин атын коюу да кеңири тараган. Булардын баардыгы магиялык маа-ниде болуп, негизги максаты жин-шайтандарды адаштыруу, тукумду аман-эсен сактап калуу аракети болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1