Аксакал

Википедия дан

Коомдогу уруунун же уруктун башкаруучусу, кадырман, билерман, тажрыйбалуу адам. Аксакал көптү көргөн, көптү билген, иш менен сөзгө кадик жана уруунун ички-тышкы мамилелерин жөнгө салып турган. Патриархалдык-феодалдык мамилелер өнүккөн учурда аксакал башкаруу укугунан ажырап, айылдын кеңешчиси, калыс кишиси катары гана кызмат өтөгөн. Мындай шартта ар бир карыя адам аксакал деп аталса да, кадырбаркка жана урматтоого баары бирдей ээ боло берген эмес. Кимдин колунда мал жана байлык болсо же балдары, туугандары таасирлүү болсо, ошол адам гана айыл аксакал деп аталчу. Кийинчерээк жалаң эле карыялар эмес, мансаптуу, колунда бар кишилер да, жашына карабастан Аксакал аталып кеткен.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)