Аурипигмент

Википедия дан
Аурипигмент.

Аурипигмент (латынча aurum - алтын, pigmentum - боёк) - мышьяк сульфиди, минерал. Химиялык формуласы As2S3. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү сары жана кызгылт сары. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1,5-2, бычак менен оңой кесилет. С. салмагы 3,49. Электр тогун өткөрбөйт, магниттелбейт. Төмөнкү температуралуу гидротермдик кендерде, арашан суулардын чөкмөлөрүндө жана жанар тоо кратерлеринде учурайт. Аурипигмент - мышьяк кенташы (руда). Сары боёк катары да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1