Афригиддер

Википедия дан

Афригиддер — иран тектүү хорезмдик шахтар династиясы (4—10-кылым) 305-жылы Хорезмде шах Африганын такка отурушу менен негиз салынган. Жалпысынан Афригиддерден 21 башкаруучу чыккан. Афригиддер мамлекетинин борбору Кят шаары (Амударыянын оң жээгинде жайгашкан). Алардын тушунда Орто Азиянын ири маданий борборунун бирине айланган. Афригиддер мамлекетинин гүлдөп өскөн мезгили 7-кылымдын 2-жарымы — 8-кылымдын башына туура келет. 712-жылы арабдар басып алышкан. 8-кылымдын аягында ислам динин кабыл алышып, башкаруучулары араб ысымдары менен атала баштаган. Кятта таасирин сактап калган Афригиддердин акыркы өкүлү Абу-Абд-Аллах Мухаммеддин 995-жылы үргөнчтүн эмири Момун тарабынан өлтүрүлүшү менен династия кыйраган. Афригиддер династиясынын аталышы 4-8-кылымдагы Хорезмдеги афригид маданиятына көчкөн. Афригиддер жөнүндөгү негизги маалыматтар хорезмдик Бирунинин тарыхый эмгектеринде камтылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1