Африка таануу
Африка таануу, африканистика - Африка элдеринин экономикасын, социалдык-саясий проблемаларын, тарыхын, укугун, коомдук ой-пикиринин өнүгүшүн, этнографиясын, тилин, адабиятын, искусствосун изилдөөчү илимдердин жыйындысы. Африкалык өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн колониялык көз карандылыктан бошотулганга чейин Африка Чыгыштаануунун бир бөлүгү катары каралып келген. Африка жөнүндөгү алгачкы маалыматтар европалык адабиятта байыркы заманда эле гректер менен римдиктердин жазып кеткендеринен белгилүү болгон. Орто кылымдарда Африканы изилдөө византиялык, араб, перс, инди, кытай жана башка географтар жана саякатчылары тарабынан жүргүзүлүп келген. Африкадагы элдер, алардын үрп-адаттары, кесипчилиги жана табигый байлыгы жөнүндөгү маалыматтар Орто Азиялык энциклопедист-окумуштуулар Ахмад Фаргоний, Абу Рейхан Бируни, Махмуд Кашгарилердин эмгектеринде да учурайт. Европалыктардын Африканы изилдөөлөрү Улуу географиялык ачылыштар мезгилинде башталып, Африкадагы колониялык басып алуулар башталганда күч алган. Франциялык М. Гриольдун мектебинин, америкалык этнологдор М. Херсковицтин жана Дж. Гринбергдин, немис окумуштуулары К. Майнхоф, Э. Дамман, англиялык А. Такер, Д. Форд, М. Фортес, М. Гатри, Л. Лики, бельгиялык А. Мейсен, Г. ван Бюльктор африкатаануу илимине чоң салым кошушкан. Орус саякатчыларынын Африка жөнүндөгү маалыматтары 17-кылымдын 30-жылдарына таандык. 1786-жылы орус деңиз офицери М. Г. Коковцевдин Африка жөнүндөгү китеби жарыяланган. 1790-91-жылдары Россия ИАнын «Бардык тилдердин жана наречиелердин салыштырма сөздүгү» деген эмгекте айрым африкалык тилдер да киргизилген. 19-кылымда орус саякатчылары Б. П. Ковалевский, В. В. Юнкер, А. К. Булатович ж. б. Африканын географиясы менен этнографиясын изилдөөгө зор салымдарды кошту. Чыгыштаануу окумуштууларынан Б. А, Тураев, А. С. Голенищев, В. В. Болотовдор Африка элдеринин тарыхы менен маданиятын изилдөөдө көп иштерди жүргүздү. 2-дүйнөлүк согушган, бөтөнчө Африка өлкөлөрүнүн көбү көз карандылыктан кутулгандан кийин, Батыш Европа жана АКШда африкатаануу дүркүрөп өсө баштады. Африка проблемалары АКШда (150 ири илимий борбор), Англияда (100дөн ашык илимий-изилдөө уюму), Францияда (70тен ашык уюм) жана башка өлкөлөрдө изилденүүдө. Африкатаануу маселеси СССР ИАнын Тил жана этнография институтунда, Ленинград Мамлекеттик Университетинин Чыгыш институтунда изилденип, айрым борбору жогорку окуу жайларында африка тилдери кафедралары ачылган. Советтик африкатаануусунда И. Ю. Крачковский, Н. В. Юшманов, В. В. Струве жана башкалар кошкон салымдар зор. Африканын дүйнөлүк саясаттагы жана дүйнөлүк экономикадагы ролу өскөндүгүнө байланыштуу африкатаанууга коюлуучу талап күчөгөн. 1959-жылы Москвада СССР ИАнын Африка институту уюштурулган. 1960-жылы Чыгышты изилдөөчүлөрдүн Эл аралык 25-конгрессинин Москвадагы секциясы африканисттердин эл аралык конгрессин түзүү жөнүндө чечим чыгарды. Натыйжада анын 2 конгресси (1- си 1962-жылы Аккрада, 2-си 1967-жылы Дакарда) болуп өттү. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Африканын өзүндө да африкатаануу жолго коюлду. Бир катар африкалык мамлекеттерде улуттук илимий мекемелер менен жогорку окуу жайлары уюштурулуп (Ганадагы ИА, Бириккен. Чыгыш Африкалык академиясы (Кения, Танзания жана Уганда), жергиликтүү окумуштуулары: Шейх Анта Диоп (Сенегал); К. Онвука Дике, С. О. Биобаку (Нигерия); А. Хампате Ба (Мали); Э. Мвенг (Камерун); Б. Бантинг, Л. Формен (ТАР) өсүп чыкты. Бүгүнкү күндө Россиялык «Азия и Африка сегодня», «Народы Азии и Африки» сыяктуу журналдарда Африкага тиешелүү маанилүү маселелер басылып турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1