Афродита

Википедия дан
Афродита.

Афродита - грек мифологиясындагы сүйүүнүн жана сулуулуктун пири; Зевс менен Дионанын кызы (дагы бир мифтик вариант боюнча деңиз толкундарынын көбүгүнөн жаралган). Афродитанын түбөлүк жаштыгы, жандуу образы биздин заманга чейинки 1-кылымда римдик акын Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» поэмасында таасын чагылдырылган. Аны түбөлүк жаздын жана жашоонун, түшүмдүүлүктүн, ошондой эле никенин, төрөттүн пири катары да кабылдашкан. Мифология боюнча махабатка туш болгон кудайлар жана бардык адамдар Афродитанын бийлигине багынышкан. Гомер боюнча ага Афина, Артемида жана Гестия гана баш ийген эмес. Афродитанын күйөөсү колунан көөрү төгүлгөн темир уста, бирок өтө куник Гефест кудай болгон. Кифер аралында, Афиныдагы акрополдо Афродитага арналып храмдар, ошондой эле Грекиянын башка аймактарында, өзгөчө Кичи Азияда, Сирияда табынуучу ыйык жайлар курулган. Финикиялык Аспартага, ассирия-вавилондук Иштар жана египеттик Исидага окшоштурулат. Римдиктер аны Венера деп аташкан. Афродитанын антикалык көркөм сүрөт искусствосунда А. Книдская (биздин заманга чейинки 4-кылым), А. (Венера) Милосская (биздин заманга чейинки 2-кылым) статуялары кеңири белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1‎