Афты

Википедия дан

Афты (гр. aphthai - жарача) - ооздун былжырлуу челинин бетине чыгуучу майда жара.

Афты грипп, ичеги карын, шарп ооруларынын кабылдап кетишинен, кэзде өзүнчө да пайда болот. Афтылар бири бирине кошулса, чоң жарага айланып, дененин температурасы көтөрүлөт, тамак чайнаганда, сүйлөгөндө кыйынчылык келип, ооздон шилекей агат, лимфа бездери чоңоюп, кол тийсе, ооруйт. Ооруган жерге куруштуруучу, куйгүзүүчү дарылар сыйпалат. Дүүлүктүрө турган тамак ичүүгө, тамеки тартууга болбойт. Кайра жаңыланбаган Афтылар 5-7 күндө ордуна тырык калтырбай айыгат. Оору өнөкөт түргө айланса, ооздогу ж. б. органдардагы . ириң уяларын жоготуу менен преднизолон дарысын 15-20 мг дан 7-15 күнгө чейин колдонуш керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.