Дары

Википедия дан
Дарылар (Пилюлялар).
Дарылар.

Дарылар — дары өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардын органдарынан же минерал сырьёдон алынат.

Дарыларды чыгаруу процесси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы кезде синтез жолу менен алынуучу дарылардын да саны көбөйүүдө. Дарыларды чыгаруу процесси абдан татаал жана көп убакыт талап кылат.

Химиялык лабораториялардан жаңы заттар синтезделип, изилдөө үчүн фармакологиялык лабораторияга жиберилет. Фармаколог адистер дары заттарынын таасирин түрдүү жаныбарларга эксперимент коюп, алардын органдары менен ткандарына кандай таасир берерин, ошондой эле дарынын сиңирилишин, организмде жайгашуусун, андан чыгуу жолдорун толук изилдейт.

Дарыны изилдөөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Изилдөөдө жаңы алынган бирикмелердин организмге тийгизүүчү терс таасирлерине, аны менен бирге уулуу касиеттерине өзгөчө көңүл бурушат. Эгерде изилдөөлөрдүн жыйынтыгы талапка ылайык болсо, бул заттар ири адистештирилген дарылоо мекемелерине клиникалык изилдөөлөргө жиберилип, анын жыйынтыгы кайрадан Фармакология комитетине келет да, анда Дарыларды медициналык практикада колдонуу жөнүндө чечим чыгарылат. Жаңы дарыны өндүрүштө чыгаруудан мурда химиктер, фармацевттер анын формаларын, чыгаруу технологиясын, сапатын текшерүү ыкмаларын иштеп чыгышат. Дарыларды изилдөөдө жана аларды практикага колдонууга сунуш кылганда алардын организмге коркунучсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Дарынын түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы медицинада кишинин организминин бардык системасына жана түрдүү патологиялык процесстерге таасир этүүчү дарылар бар. Ошого байланыштуу алар бир нече топторго бөлүнөт.Борбордук нерв системасына таасир этүүчү дарыларга наркоз каражаттары, уктатуучу дарылар, ооруну басаңдатуучу дарылар, дененин ысышын төмөндөтүүчү дарылар, психостимуляторлор, талмага каршы дарылар, аналептик каражаттар, психофармакологиялык дарылар, сеп алдыруучу дарылар кирет.

Четки нерв системасына таасир этүүчү дарылардын кээ бири сезгич нервдердин функцияларына таасир кылат. Мисалы, жергиликтүү анестезияда колдонулуучу заттар нервдер менен нерв талчаларынын сезгичтигин басаңдатып, оору сезилбейт. Вегетатив нерв системасына таасир этүүчү заттар ар кайсы органдардын (жүрөк, бронх, ичеги-карын жана башка) иштешин өзгөртөт.
Жүрөк-кан тамыр системасына таасир этүүчү дарыларга жүрөк гликозиддери, аритмияга каршы дарылар, кан басымын төмөндөтүүчү дарылар, ошондой эле кан тамырды кеңейтүүчү дарылар кирет
. Дем алуу органдарынын функциясына таасир этүүчү заттарга дем алууну ыкчамдатуучу заттар, жөтөлгө каршы дарылар, какырык чыгаруучу заттар, ошондой эле астмага каршы дарылар кирет.
Ичеги-карын жолдорунун функциясына таасир этүүчү дарыларга табитти жакшыртуучу жана басаңдатуучу каражаттар, ич алдырма дарылар өт айдама дарыларкустуруучу дары фермент препараттары кирет.
Бөйрөктүн бөлүп чыгаруучу функциясына таасир этүүчү дарыларга заара айдама дарылар кирет.
Кан жана кан пайда болуу процессинин бузулууларында кандын уюшун азайтуучу, кандын пайда болуусун ыкчамдатуучу дарылар колдонулат.
Ткандардагы зат алмашууга таасир этүүчү дарылардан гормон (к. Гормондор) жана витамин препараттары (Витаминдер), ошондой эле йод, калий, кальций, магний туздары белгилүү.
Ткандардагы патологиялык процесстерге таасир этүүчү дарыларга сезгенүүгө каршы дарылар, гистаминге каршы дарылар кирет.
Микробдорго жана мителерге каршы дарыларга антисептик каражаттар, антибиотиктер, сульфаниламид дарылары, кургак учук каршы дарылар мите козу карындарга каршы дарылар микробдорго каршы дарылар безгекке каршы дарылар гельминттергв каршы препараттар кирет.
Шишиктерге каршы дарылар шишиктин клеткаларынын өсүшүн басаңдатат, дарылардын таасири анын өлчөмүнө жараша болот.

Дарыны тура пайдалануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир дарынын дозаларынын белгилүү дарылык касиети бар. Керек учурда врач дарылардын эң жогорку дозада да берет. Бирок бул өлчөмдөн ашса дары өзүнүн уулуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Кишинин организминин дарыларга сезгичтиги жашка жараша да өзгөрүлүп турат. Дарылар чоң кишилерге караганда балдарга аз өлчөмдө берилип, айрымдарын 2 жашка чейинки балдарга берүүгө болбойт. Улгайган (60 жаштан өткөн) кишилер кээ бир Дарыларга сезгич болот. Ошондуктан алар азыраак өлчөмдө берилет. Ар бир дарылар белгилүү мөөнөткө таасир этет. Ошондуктан аны врач сунуш кылган режимде гана ичүү керек. Эгер дарыны рецептте жазылганга жараша колдонбосо, аны менен уулануу мүмкүн.

Дарылардын натыйжасы аны кандай колдонгонго жараша болот. Мисалы, валидол же нитроглицеринди стенокардия кармаганда тилдин астына салбай, жутуп жибергенде анын таасири болбойт, себеби бул дарылар тилдин астынан тез сиңирилет. Дарыларды ичүү маалы да негизги ролду ойнойт. Дарылардын таасири организмдин абалына жараша болот. Кээ бир дарылар боор менен бөйрөк жабыркаганда организмден чыкпай уулуу таасир бериши мүмкүн. Ичкилик ичкенде дарылардын уулуу таасири күчөйт. Бала эмизген аялдар дарыны абайлап колдонушу зарыл, себеби көп дарылар сүт аркылуу теңи балага өтүшү мүмкүн. Сеп алдыруучу дарылардын шофёрлор, учкучтар жана башка иштеген учурда ичүүгө болбойт. Ошондуктан дарылар врачтын гана сунушу боюнча колдонулат. дарылары контролсуз жана туура эмес ичсе жакшы натыйжа бербейт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8