Дары өсүмдүктөр

Википедия дан
Дары өсүмдүк (Digitalis purpurea).

Дары өсүмдүктөрмедицинада, ветеринарияда ооруну дарылоо, алдын алуу максатында колдонулуучу өсүмдүктөр. Алардын дарылык касиети составындагы алкалоиддер, гликозиддер, витаминдер жана башка заттардын болушуна негизделген.

Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында же сабагында; айрымдарынын гүлүндө же мөмөсүндө, тамырында же кабыгында жана башка органдарында топтолот. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн керектүү бөлүгүн гана жыйнап алуу керек. Активдүү заттар түрдүү органдарда ар башка убакытта жыйналгандыктан, дары өсүмдүгүнүн чогултуу мезгили чоң мааниге ээ. Тамыр-сабак, тамыр, түймөктөр эрте жазда жана күзүндө казылып, жууп кургатылат. Бүчүрү ачылып кете электе чогултуу керек. Кабыкты жазында катып кете электе сыйрып алган оң. Жалбырактар богок пайда болуу, гүлдөө мезгилинде чогултулуп, чирип кетпес үчүн кургатылат.

Даярдалган дары сырьёлору даярдоочу уюмдарга өткөрүлөт. Айрым дары өзүмдүгүндө күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттар болорун эстен чыгарбоо керек. Аларды бир аз эле ашыкча кабыл алуу ууланууга же ооруну күчөтүүгө дуушарлантат. Ошондуктан дары өсүмдүгүн врачтын гана көрсөтмөсү боюнча пайдалануу сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8