Алкалоиддер

Википедия дан
Алгачкы алкалоид 1804 ж. апийимден бөлүнгөн (морфин).

Ак шишик (күпчөк) — организмдин тканы менен көңдөйүнө суюктуктун ашыкча чогулушу. Көбүнчө териде, тери алдындагы май клетчаткада, плевра жана ич көңдөйлөрүндө, калта ж. б-да байкалат. Ак шишик суюктугунун составында суу, натрий жана калий туздары, бир аз белок жана лейкоциттер болот. Кан тамыр капилляры аркылуу ткань суюктугу менен кан суюктугунун ортосунда дайыма алмашуу жүрүп турат. Кан тамырдын капталы аркылуу тегерегиндеги тканга суюктук бөлүнөт. Ак шиш кан тамырдан тканга суюктук көп бөлүнүп, бирок кайра сиңүү кыйындаса же такыр токтоп кал ган учурда пайда болот. Кан тамырда жана анын тегерегиндеги тканда калийдин жана натрийдин өлчөмүнүн өзгөрүшү да ак шишике алып келет. Буга кан тамырдын өтө жабыркашы, кысылып калуусу веналардын варикоздук кеңейишинде, тромбофлебитте кандын жай жылышы, жүрөк ишинин начарлашы, бөйрөк оорулары (к. Нефрит) түрткү болот. ак шишик менен коштолуучу ооруларда суу-туз алмашуу бузулат.

Ак шишик жалпы жана жергиликтүү болуп айырмаланат. Жалпы Ак ш. денени, кол-бутту симметриялуу басат. Ал жүрөк начарлаганда, бөйрөктүн кээ бир ооруларында, боордун циррозунда байкалат. Жергиликтүү А. ш. вена кысылып калганда же сезгенүү реакциясынын натыйжасында болот. А. ш. басканда органдын, дене бөлүгүнүн, кол-буттун формасы бузулат. Көпкө А. ш. басканда ал жердин тканы азыктанбай, инфекция кирип, жаранын пайда болушуна шарт түзүлөт. Бул учурда терини травмадан сактоо, таза кармоо, одуракай ич кийим кийбөө, ич кийимди бат-бат алмаштыруу, марганец кычкыл калийдин мала эритмеси менен терини сүртүү, теринин сыйрылган жерине бриллиант жашылынын 1%түү эритмесин сыйпоо керек. А. ш. баскан оорулуу өзүн-өзү контролдоп, кабыл алган жана бөлүп чыгарган суюктукка көз салуусу, тамакка кошулган тузду өтө аз пайдалануусу зарыл.

Азыркы медицинанын жетишкендиктери, заара айдама дарылар туз-суу алмашууну жөнгө салат. Ошондой эле калийи көп тамак (сүт азыктары, абрикос, кургак өрүк ж. б.) сунуш кылынат. Жүрөгү, боору, бөйрөгү оорулуулардын врачка өз убагында көрүнүп туруусу А. ш-тин алдын алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1