Лейкоциттер

Википедия дан
Лимфоцит.

Лейкоциттер, кандын ак бүртүктөрү — кандын түссүз, ядролуу клеткалары.

Омурткасыздардын канындагы Лейкоциттерге окшош клеткалар амёбоциттер деп аталат. Түзүлүшү жанa функциялык бөтөнчөлүктөрү боюнча Лейкоциттер бир нече түргө ажыратылат. Цитоплазмасы тунук Лейкоциттер— агранулоциттер (лимфоциттер, моноциттер), цитоплазмасы чыбырчыктаган Лейкоциттер гранулоциттер (ба- зофилдер, эозинофилдер жанa нейтрофилдер) деп аталат. Булар амёба сымал жылып, кан тамырлардын сыртына оңой эле чыга алышат. Орга­низмдин жабыркаган жерине Лейкоциттер көп чогулат. Анткени булар организмде ооруга, дартка дуушар кылган микробдорду эритип, дарттан, сезгенчтен ж. б. патол. факторлордун кесепетинен бузулган ткандардын, клетка­лардын тарпын «жеп» зыяндуу жана керексиз заттардан тазалап, орга­низмдин батырак сакайышына шарт түзүшөт.

Гранулоцит­тер көбүнчө жиликтин кемигинде, чучугунда пайда болот. Дени соо ки­шинин 1 мм3 канында орто эсеп менен 6000—8000 Лейкоциттер болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.