Моноциттер

Википедия дан
Моноцит

Моноциттер (моно..., гр. kytos — клетка) — тунук лейкоциттердин бир турү. Моноциттер сөөк кемигинде жана чучугунда пайда болот. Булар ири, ядролору жумуртка, така же маш буурчак сыяктуу, цитоплазмасы негизги боёкторду жакшы сиңирет. Моноциттер соо кишинин канында лейкоциттердин 4— 8%ин түзөт, чоңдугу 12—20 мкм. Диагностикалык мааниси бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.