Лимфоциттер

Википедия дан
Лимфоцит.

Лимфоциттер (лимфа жанa гр. kytos—жай, бул жерде клетка) - лейкоциттердин бир түрү.

  • Көлөмүнө жараша кичине, орточо жанa чоң болуп бөлүнөт. Булар лимфоиддүү ткандарда (лимфа бездеринде) жаралып. лимфа менен кошо канга келишет.
  • Амёба сымал жылып, кан тамырлардын сыртына чыгып, ткандардын арасында «тентип» да жүрүшөт. Ошондуктан «тентиме клеткалар» деп да аталат.
  • Лимфоциттер организмде сезгенүү процесстери пайда болгондо фагоцитозго катышат, кемтиктерди жамоого,бүтөөгө жардамчы болушат. Лимфоциттер организмде иммунитеттин жаралышына да катышат. 30 күнчө жашайт.
  • Лимфоциттерддин ургундай көпчүлүгү кан тамырларга чыгып, ичеги-карын көңдөйүно келип өлөт.
  • Дени соо, жетилген ки­шиде Лимфоциттердин саны лейкоциттердин 20—25%ин түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.