Ахваз мунай кени

Википедия дан

Ахваз мунай кени — дүйнөдөгү ири мунай кендеринин бири. Ирандагы Ахваз шаарына жакын жайгашкан. 1958-жылы ачылып, ошондон бери казылып алынууда. Кен Перс булуңу мунай-газ бассейнине кирет. Мунай-газдуу аймактын аянты 400 км2ден ашат. Мунай-газ антиклиналдык бүктөлүүдөгү олигоцен - төмөнкү миоцендин кумдук жана жогорку бордун акиташтегине топтолгон. Алар 2485-3660 м тереңдикте жатат. Мунай жана газ негизинен калыңдыгы 200 м келген кумдуктан казып алынат. Мунайлуу тоотектер тегиз эмес кабат түрүндө жайгашып, анын үстүнө газ топтолгон. Мунайдын тыгыздыгы 865901 кг/мъ, күкүрт 1,5%. Мунайдын баштапкы чыгарып алуу запасы 2400 млн о, газдыкы 311 млрд м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1