Ахиллестин согончогу

Википедия дан

 

Боёк сүрөт ( c. 1625); мында сүрөтчү Петр Павел Руббенс кудай аял Фетистин өз уулу Ахиллести Стикс дарыясына чөмүлтүп жатканын тарткан. Аркасында кайыкчы Карон дарыя аркылуу киши сөөктөрүн аралап сүзүп бара жатат.


Ахиллестин согончогу — жалпы күч-кубатка карабастан, жыгылууга дуушар кылчу алсыздык. Мифологиялык келип чыгышы денедеги алсыздыкты билдирет, бирок бул сөз айкашын ойрон болууга же жеңилүүгө дуушар кылчу башка сапаттарга деле көркөм сыпаттама катары колдонуу учурлары кеңири таралган.

Уламыштын келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы грек уламыштарына караганда, Ахиллес ымыркай кезинде ал жаш кезинде эле өлөт деп алдын ала айтылган. Анын өлүмүнө жол бербөө үчүн, анын энеси Фетис Ахиллести Стикс дарыясына алып барган; бул дарыя жаракат албастык кудуретин бермек болчу. Энеси чүрпөсүнүн денесин сууга малган, бирок аны согончогунан кармап тургандыктан, дарыянын суусу согончогуна тийген эмес. Ахиллес чоңойгондо жоокер болуп, далай согуштардан аман калып келген.

Ахилестин өлүмү Гектор тарабынан Гомердин « Илиадасында» алдын ала айтылганы менен, бул өлүм иш жүзүндө «Илиадада» чагылдырылбайт https://interestingliterature.com/2021/05/achilles-heel-phrase-origin-meaning/, бирок кийинки грек жана рим поэзиясында жана драмасында Илиададан кийинки окуяларга, кийин Троя согушуна байланыштуу сүрөттөлөт.

Согуштун тегерегиндеги уламыштарда Ахиллес согончогуна, томугуна, же тулкусуна тийген жебеден, балким, Пэристин жаасынан уулангандан улам каза болгон деп да айтылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Klenerman, L. (April 2007). "The early history of tendo Achillis and its rupture". The Journal of Bone and Joint Surgery. British Volume. 89-B (4): 545–547. doi:10.1302/0301-620X.89B4.18978.
  • nagnostopoulou, Sophia; Mavridis, Ioannis. "Achilles' death: anatomical considerations regarding the most famous trauma of the Trojan War". J Trauma Acute Care Surg.
  • P. J. Heslin, The Transvestite Achilles: Gender and Genre in Statius’ Achilleid, Cambridge: Cambridge University Press: 2005, 166–169.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]