Ахмадалиев (Адали) Тулкунжан Курбанович

Википедия дан

Ахмадалиев (Адали) Тулкунжан Курбанович - (17. 4. 1941-жылы туулган, Өзбекстан, Фергана облусу, Маргелан шаары), артист, КРнын эл артисти (2000). А. Н. Островский атындагы Ташкен театр, искусствосу институтун бүтүргөн (1968). Астрахань, Кострома, Ижевск шаарынын театрларында 1981-жылдан Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында иштеген. Ахмадалиевдин Бишкектеги Орус драма театрынын сахнасында ойногон белгилүү ролдору: Поручик Дуб (Я. Гашек, «Кайраттуу солдат Швейк»), Красавин (С. Найден, «Ванюшиндин балдары»), Акмат (М. Тойбаев, «Биринчи салгылаш»), Эрназар (Ч. Айтматов, «Кыямат»), Дулебов (А. Островский, «Таланттар жана таазим этүүчүлөр»), Беранже (Э. Ионеско, «Кериктер»), Виктор Беласко (Н. Саймон, «Паркта жылаңаяк») жана башка. Япон классиги Кобо Абэнин «Достор» пьесасынан атанын ролун ойноп, россиялык сынчылардын жогорку баасына татыктуу болду. Ахмадалиев режиссёр катары В. Скоропись менен бирге «Французча ажырашуу», «Кадриль», «Чынгызхандын купуя сыры» спектаклдерин койгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1