Ахмедова Жибек Ахмедовна

Википедия дан
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Ахмедова Жибек Ахмедовна
Туулган жылы: 1991-жылы 17-ноябрь
Туулган жери: Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылы
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети,"Ыйман" гимназиясы
Илимий даражасы  : Социалдык педагог жана география мугалими

Ахмедова Жибек Ахмедовна Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ой-Тал айылында туулган. Балалык чагы ушул Алай-Куу жергесинде өткөн. 2010-жылы "Ой-Тал" орто мектебин артыкчылык менен бүтүрүп, ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетине тапшырып, 2015-жылы география адистигин артыкчылык менен бүтүргөн.

Иштеген кызматтары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. 2015-жылы Ош МУнун "Билим" лицейинде география мугалими, ушул эле жылдын март айынан баштап, социалдык педагог кызматын аркалаган.
  • 2. 2017-2019-жылдары "Билим" лицейинин тарбия жана уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.
  • 3. 2019- жылдан бери учурда Ош МУнун "Ыйман" гимназиясында социалдык педагог жана география мугалими болуп эмгектенет.

Сыйлыктары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

география предметинен бир нече жолу окуучуларды олимпиадага даярдап, республикага чыгаргандыгы үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын ардак грамоталары, ыраазычылык баракчалары жана Ош МУнун ардак грамотасынын ээси.