Ахмедов, Бөрү Ахмедович

Википедия дан
Академик Бөрү Ахмедович Ахмедов. 1990-жж. башы.

Ахмедов Бөрү (Бурибой Ахмедов, Bori Ahmedov, 1924-2002, май айы) – өзбектин чыгаан чыгыш таануучусу, 10-19-кылымдардагы фарсы булактары боюнча ири адис, тарых илимдеринин доктору, профессор, Өзбекстан ИАсынын академиги, Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору, Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун ардактуу мүчөсү (1995).

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Бөрү Ахмедов, Өзбекстан ИАсынын Чыгыш таануу институтунун бөлүм башчысы, Улуу Атамекендик согуштун ардагери. 1980-жж. этегиндеги сүрөт. Т. Чоротегиндин жеке архивинен.

Өзбекстандын Анжыян облусунун Коргон-Төбө районуна караштуу Кара-Суу кыштагында туулган.

Атасы кайсы бир жылдары Кыргызстандын Ош шаарында да иштеген.

Өзү Улуу Ата мекендик согушка катышкан.

1953-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин (кийинки ТашМУнун) Чыгыш таануу факультетин бүтүргөн.

1960-жылы Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) Мамлекеттик Университетинин аспирантурасын ийгиликтүү аяктаган, көчмөн өзбектердин тарыхы боюнча кандидаттык диссертациясын (1960), андан соң Ооганстандын түндүгүндөгү Балх мамлекетинин тарыхы боюнча доктордук диссертациясын (1973) жактаган жана орто кылымдардагы чыгыш (мусулман) булактары, борбордук азиялык элдердин этностук тарыхы чагылдырылган жазма булактар, Улугбек, Эмир Темир жана алардын доору боюнча бир катар эмгектерди жарыялаган.

300дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде бир нече ондогон монографиялардын, окуу китептердин автору.

Өмүрүнүн көп жылдарын Өзбекстан ИАсынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда илимий кызматкер, бөлүм башчы жана башка кызматтарды аркалоо менен өткөрдү.

Кыргызстандын чыгыш таануучу кадрларын даярдоого салым кошкон.

Профессор Бөрү Ахмедов айрым шакирттери менен. Ташкент ш., 1990-жж. башы.

Өмүрүнүн соңку жылдары Эл аралык Амир Темир корун жетектеп келди.

1996-жылы Б.Ахмедов, Бако Садыков жана Абдулла Арипов калемдешип жазган сценарийге негизденип, режиссерлор Исамат Эргашев менен Бако Садыков “Улуу Эмир Темир” аттуу көркөм тасма тартышкан, андагы негизги ролдордун бирин жаш кыргыз актеру Азиз Бейшеналиев аткарган.

Наамдары. Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тарых илимдеринин доктору, профессор
  • Өзбекстан ИАсынын академиги, ага чейин - Өзбекстан ИАсынын мүчө-кабарчысы.
  • Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору,
  • Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун ардактуу мүчөсү (1995).
  • Өзбекстандын Беруни атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.
  • Өзбекстандын "Достук" ("Дустлик") орденин алган.
  • Өзбекстандын "Зор кызматы үчүн" ("Буюк хизматлари учун") ордени менен сыйланган.

Кыргыз таануудагы салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал кыргыздардын тээ 16-кылымдарга чейин эле Кыргызстанда жашагандыгын белгилеген жана Борбордук Азиянын батышындагы Аштарханийлер мамлекетинде да кыргыз кол башчылары кызмат кылган деген тарыхый маалыматты илимий чөйрөгө киргизген.

Кыргызстандын жана Казакстандын бир катар чыгыш таануучу илимпоздоруна илимий жетекчилик кылган жана диссертацияларын коргоодо илимий кеңешин берген.

Анын шакирттеринин ичинде Тимур Бейсембиев, Жулдыз Тулибаева, Таласбек Машрапов, Тынчтыкбек Чоротегин ж.б. бар.

Илимий жана адабий эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ахмедов Б.А. Государство кочевых узбеков. - М.: Наука, 1965. – 181 с.
  • Ахмедов Б.А. История Балха: XVI - первая половина XVIII в. - Ташкент: Фан, 1982. - 295 с.
  • Ахмедов Б.А. Историко-географическая литература Средней Азии XVI—XVIII вв. (Письменные памятники). — Ташкент, 1985.
  • Ахмедов Б.А. Источниковедение истории Средней Азии XVI- первой половины XVIII в. - Ташкент: Фан, 1983.
  • Ахмедов Б.А. Источники истории народов Узбекистана : (Древ. и сред. века) : [Учеб. пособие для ист. фак. вузов] / Б. А. Ахмедов, 213 с., [4] л. ил. ил. 21 см. - Ташкент: Укитувчи, 1991.
  • Ахмедов Б.А. Материалы по истории Средней и Центральной Азии X— XIX вв. / Отв. ред. Б.А. Ахмедов. — Ташкент, 1988.
  • Ахмедов Б.А. Материалы по этнической истории тюркских народов Центральной Азии. - Ташкент: Фан, 2003. - 218 стр. - ISBN - 5648028911, 9785648028913.
  • Ахмедов Б. Улугбек : Эссе / Бурибай Ахмедов, 251,[2] с., [4] л. ил. 20 см, - Ташкент: Eш гвардия, 1989.
  • Ахмедов Б.А. Улугбек и политическая жизнь Мавераннахра первой половины XV в. // Из истории эпохи Улугбека. – Ташкент: ФАН, 1965. - С.5-66.
  • Уложение Темура / Редактор Бурибай А.Ахмедов. Ташкент: Издат. Литературы и Искусства имени Гафура Гуляма, 1999. - ISBN 5635015964, 9785635015964. 351 стр.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Махмуд ибн Вали. Море тайн относительно доблести благородных. (География) Введ., перев., примеч. Б. А. Ахмедова. - Ташкент: Фан, 1977.

Ал тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]