Ахмед Яссави

Википедия дан

Ахмед Яссави - (1105-1166-жылдар чени, Яссы шаары) Орто Азиялык сопу акын, дин үгүтчүсү. Атадан эрте ажырап, адегенде Арсланбабдан, кийин Бухара (көрүнүктүү шейх Юсуф Хамадандан) медресесинен билим алган. Муфтий Юсуф Хамадан дүйнөдөн кайткандан кийин анын ордуна бир нече жыл казы, муфтий болуп иштеген. Чыгармаларын чагатай тилинде жазган. Анын сопулук идеяларды чагылткан ырлары жана диний окуусу ошол аймактагы элдерге тараган. Анын кеңири таанымал болгон эмгеги «Акыл сөздөр жыйнагы» («Дивани хикмет», 1878) деген чыгармасы болуп саналат. Бул жыйнактагы ырларында ал элдик ырлардын, фольклордук чыгармалардын сүрөттөө формаларын кеңири колдонгон. Адамдарды кайрымдуу, чынчыл, ак ниет, ынсаптуу болууга үндөгөн. Анын «Хикматлар» аттуу ырлар жыйнагы Ташкен шаарындагы Гафур Гулям атындагы басмадан (1991) жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1