Ахмед гази тоганхан

Википедия дан

Али уулу Ахмед гази ханКараханий мамлекетинин 998—1017/18-жылдардагы башкаруучусу, Абдыкерим Сатук буграхандын урпагы.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаштыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Али уулу Ахмед X кылымда Караханий мамлекетинде төрөлгөн. Ал атактуу Сатук бугра-хандын урпагы болгондуктан, башка бир туугандары сыяктуу эле кичинесинен атайын саясий жана аскердик тарбия алган. Эр жеткенде Ахмед чыгыш тарапка, ал эми бир тууганы Наср батыш тарапка жортуулдарды жетектеп, бир далай ийгиликтерге жетишишкен.

Бийликтеги жылдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмед 998-жылы "тоган-хан" деген титул менен Караханий мамлекетин башкара баштайт.

Кидандарга каршы күрөш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал башкарган тушта, 1013-14-жж. чыгыштан кидандар (кара-кытайлар) жортуулдап келип, Баласагундан 8 күндүк аралыкка жакындап келген. Ошондо орто азиялык мусулмандар Ахмед тоган-хандын жетекчилигинде биригишип, салгылашта кидандарга катуу сокку урушкан.

Ал кезде кидандар Ляо деген күчтүү мамлекет түптөп, кытайлардын (сун) императорлорун салык төлөөгө мажбурлап турушкан. Ошондуктан кидандар менен караханийлердин ортосундагы салгылаштын тарыхый мааниси зор десек болот. Ахмед-газинин бул жеңиши кидандардын чыгышка карай жапырыгын жүз жылга кечеңдеткен.

Өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмед-гази тоган-хан 1017-18-жж. көз жумган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]