Ахрамхужаев Обид Мурадович

Википедия дан

Ахрамхужаев Обид Мурадович - (1920, Ташкен шаары - 1996, ошол эле жерде), геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1959), Өзбекстан ИАнын академиги (1966), вице-президенти, Өзбек ССРнин илимине эмгек сиңирген ишмер (1964). Орто Азия политехникалык институтун бүткөн (1945). Өзбекстан ИАнын Геология институтунда илимий кызматкер (1957-59), 1959-жылдан Өзбекстандагы нефть жана газ кендеринин геология жана чалгындоо институтунда директор. Өзбекстан География коомунун президенти. Ахрамхужаевдин негизги илимий иштери Өзбекстан жана Түштүк Кыргызстандын чөкмө тоотек катмарларындагы нефть-газ чыгуучу геологиялык свиталарды, нефть-газ пайда кылуучу жана топтолуучу зоналарды белгилөө боюнча комплекстүү изилдөөгө, нефть менен газдын келечегин аныктоого багытталган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Илимпоздун урматына Ташкен шаарындагы көчө аталган. Илимий эмгеги: Литология нефтегазоносных меловых отложений Ферганской депрессии. Таш., 1960.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1