Ахунбабаев Юлдаш

Википедия дан

Ахунбабаев Юлдаш – (1(13).7.1885, Өзбекстан, Фергана облусу, Маргалаң району, Жой-Базар айылы — 28. 2. 1943), мамлекеттик ишмер. Башталгыч мектепте (мусулман) окуган. 1920— 21-жылдары Маргалаңда кедейлер союзунун, 1921— 25-ж. «Кошчу» союзунун төрагасы. 1925—38-жылдары Өзбек ССР Советтеринин БАКтын төрагасы, 1938—43-жылдары Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1