Ахунбаев Медер Исаевич

Википедия дан

Ахунбаев Медер Исаевич (1946, Фрунзе шаары 1999, Бишкек шаары) - хирург, медицина илимдеринин доктору (1995). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. КММИни (1970), СССР МИАнын жүрөк-кан тамыр хирургия институтунун аспирантурасын (1974) бүтүргөн. КММИнин жалпы хирургия кафедрасында ассистент, КСЭде улук илимий редактор, РКОдо врач-ординатор. Илимий эмгеги жүрөк-кантамыр хирургиясына, эндокринологияга арналган. Илимий эмгеги: Диабетическая ангиопатия нижных конечностей и диабетическая стопа. Б., 1992.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1