Ахунова Турсуной

Википедия дан

Ахунова Турсуной (1937 — 1983) — Өзбекстандын колхоз өндүрүшүнүн ишмери.

Ташкент областынын Янгийол районундагы Киров атындагы колхоздун комплекстүү механикалаштырылган бригадасынын бригадири. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1959, 1978). 1962-жылдан КПССтин мүчөсү. Ахунова-комбайн менен пахта теруүдө жогорку көрсөткүчкө (1956-59-ж. 367 т, 1961-62-ж. 347 т) жетишкен биринчи аял. Ахунованын өрнөгү боюнча миңдеген аял пахта жыйноочу машиналарды айдай - башташты. Ал Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1967). Ахунова СССР Жогорку Советинин 6-7шайл. депутаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.