Ачкачылык оюндары

Википедия дан

"Ачкачылык оюндары" (англ. The Hunger Games, орус. Голодные игры)- 2012-жылы Гери Росс тарткан жана Сюзанна Коллинс жазган ошол эле аталыштагы романга негизделип тартылган илимий-фантастикалуу жана жоруктуу америкалык тасма. Бул тасма "Ачкачылык оюндары" тасмаларынын алгачкы чыгарылышы жана анын продюсерлери: Нина Жекобсон, Жон Килик, сценарийин жазгандар: Росс, Коллинс жана Билли Рэй. Тасмада роль жараткандар: Женнифер Лоуренс, Жош Хачерсон, Лиам Хэмсворз, Вуди Харрелсон, Элизабет Бэнкс, Ленни Кравиц, Стенли Туччи жана Дональд Сузерленд. Тасма Панем элинин акыры замандан кийинки абалын баяндайт. Анда 12-18 жаш арасындагы жаш балдар жана кыздардын "Ачкачылык оюндарына" катышууга мажбур болгондугу сүрөттөлөт.

"Ачкачылык оюндары" киносынчылар тарабынан жакшы сын-пикирлерге ээ болуп, темасы, билдирүүсү, ошондой эле Женнифер Лоуренстин Китнестин ролун аткаруусу өзгөчө алкышка ээ болгон. Бирок тасманын экшн бөлүмдөрүн тартууда камеранын титирегени сынга алынган. Лоуренс "Мыкты актриса" категориясында "Сатурн" сыйлыгын, "Радиотелеберүү киносынчыларынын ассоциациясынын" "Экшн тасмасындагы мыкты актриса" сыйлыгын , "Эмпайер" сыйлыгынын "Мыкты актриса" наамдарын жеңип алган жана Нью-Йорк киносынчылар тобунун "Мыкты актриса" наамына көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]