Вуди Харрелсон

Википедия дан
Вуди Харрелсон

Вудроу Трейси "Вуди" Харрелсон (англ. Woody Harrelson;1961-жылы, 23-июлда туулган) америкалык актер, активист жана драматург. Ал эки жолу "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн жана "Эмми" сыйлыгына сегиз жолу көрсөтүлүп, бир жолу жеңип алган. Харрелсон 1985-жылы "Чирс" (анг. Cheers) комедиялуу сериалында бартендер - Вуди Бойддун ролу менен кеңири таанымал. Ошондой эле бул ролу үчүн ал беш жолу "Эмми" сыйлыгына көрсөтүлгөн (бир сыйлык жеңген). Анын дагы башка көрүнүктүү ролдору " Ак терилүү адамдар секире алышпайт" (анг. White Men Can't Jump) тасмасында баскетбол шумпайы Билли Хойленин ролун, "Баштоочу" (анг. Kingpin) тасмасында бир колдуу боулиң оюнчусу - Рой Мунсондун ролун, "Ачкачылык оюндары" (анг. The Hunger Games) чыгарылыштарында Хэймич Абернатинин ролун камтыйт. Ошондой эле ал "Ковбой стили" (анг. The Cowboy Way), "Зомбилер өлкөсү" (анг. Zombieland), "Табигый киллерлер" (анг. Natural Born Killers), "Элдер Ларри Флинтке каршы" (анг. The People vs. Larry Flynt), "Прерия үй коштоочусу" (анг. A Prairie Home Companion), жана "Эми сен мени көрүп жатасың" (анг. Now You See Me) тасмаларында тартылган. Ал "Маймылдар планетасы" (анг. Planet of the Apes) тасмасында согуш учурунда Колонелдин ролун аткарат..

Ал эми "Элдер Ларри Флинтке каршы" жана "Жөнөтүлгөн адам" (анг. Messenger) тасмаларындагы ролдору үчүн ал "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" жана "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамдарына көрсөтүлгөн. 2014-жылы HBO телеканалындагы "Чыныгы детектив" (анг. True detective) сериалынын биринчи сезонунда детектив Мартин Харттын ролун аткарган. Бул сериалдагы ролу үчүн Макконохи менен биргеликте "Primetime Emmy Award" сыйлыгынын драма категориясындагы " Эң мыкты баш каарман" наамына көрсөтүлгөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]