Ачкачылык оюндары: Таранчы-туурамчы. 1-бөлүм

Википедия дан

"Ачкачылык оюндары: Таранчы-туурамчы.1-бөлүм" (англ. The Hunger Games: Mockingjay – Part 1, орус. Голодные игры: Сойка-пересмешница. Часть 1) - 2014-жылы тартылган америкалык антиутопиялык илимий-фантастикалуу жана жоруктуу тасма. Тасманын режиссеру Фрэнсиз Лоуренс жана сценарийин Питер Ерейг жана Дэнни Строң жазышкан. Тасмада Женнифер Лоуренс, Жош Хатчерсон, Лиам Хэмсворт, Вууди Харрелсон, Элизабет Бенкс, Жулиана Мур, Филип Сеймур Хоффман, Жефри Райт, Стенли Туччи жана Доналд Сузерленд тартылышкан.

Тасма "Ачкачылык оюндарынан" эки жолу аман чыгып, өзүн 13 райондо тапкан Китнес Эвердиндин окуясын улантат.

Биринчи бөлүм киносынчылар тарабынана жакшы сын-пикирлерге ээ болуп , анын аткаруу тобуна жана саясий субтекстине баа беришкен. Бирок тасмада экшндин аз болгондугу жана романдын эки бөлүмгө бөлгөндүгү үчүн сынга алынган. Тасма 41-"Сатурн" сыйлыктарын тапшыруу аземинде "Эң мыкты илимий-фантастикалуу тасма" наамына көрсөтүлгөн. Тасманын баш каарманы Лоуренс 20-"Киносынчылар тандоосу" жана "Сатурн" сыйлыктарын тапшыруу аземинде экшн жанрындагы тасмада"Эң мыкты актриса" наамына көрсөтүлгөн. Тасмадагы "Жаркыраган сары сокку" аттуу ыр 72-"Алтын Глобус" сыйлыгына жана "Киносынчылардын тандоосу" сыйлыгына көрөстүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]